Чүйдө жер титирөө катталды

Чүй облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн  түшкү саат 12:37де очогу Чүй облусунун Панфилов районунун Өтмөк айылында катталган.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо