
Дүйнөлүк банктын жетекчиси Джим Ён Ким 1-февралда кызматтан кетет. Бул маалымат аталган банктын расмий сайтында жарыяланган.
Джим Ён Ким бул кызматта иштөө чоң жоопкерчиликти талап кылганын билдирген. Бирок эмне себептен кызматтан кетип жатканын айткан эмес.
«Дүйнөдөгү каатчылык, климаттын өзгөрүшү, качкындардын көбөйгөн убагында дүйнөлүк банктын жетекчиси болуп иштөө чоң мааниге ээ. Дүйнөлүк банктын жетекчиси болуп иштеп чоң кыйынчылыктарга карабай муктаждарга жардам бердик, мен бул үчүн сыймыктанам»,-деп билдирген Джим Ён Ким.
Джим Ён Ким бул кызматтан кеткенден кийин башка компанияда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө инвестиция тартуу боюнча иш алып бара турганын билдирген.
Корей улутундагы Джим Ён Ким бул кызматка 2012-жылдын июль айында келген. Ал 2017-жылы экинчи жолу жетекчи болуп шайланган болчу.
Пикир калтыруу