Футбол: Кыргызстан Азия кубогундагы группадан чыга алабы?

Кыргызстан Азия кубогун жеңилүү менен баштады. Ак шумкарлар 7-январь күнү Кытай менен болгон алгачкы оюнду 2:1 эсебинде жыйынтыкташты.

Эми Түштүк Корея Филипин менен көк майсанга чыгат. 7-январь күнү Түштүк Корея менен Филипин курамалары ойноп эсеп 1:0 менен аяктап Түштүк Кореянын пайдасына чечилди. Эки оюндун кызыктуу учурларына назар салалы.

Эми «G» группасында Кытай менен Түштүк Корея үчтөн упай алып алдыга чыгышты. Турнирдик таблицага көз жүгүртөлү.

Эми Кыргызстан үчүн өз группасынан чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы да кыйындады. Ак шумкарларга коюлган тапшырма «G» тайпасынан алдынкы орун менен чыгышы керек, эң кур дегенде 3 упай алуу кажет. Мына ошондо гана кийинки баскычка өтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Бул вазыйпасын аткаруу үчүн курама команда келерки Түштүк Корея жана Филипин менен болчуу оюндардын бирөөсүн сөзсүз жеңүүсү керек болот. Эгер  ута албаса оюндан четтеп өз үйүнө кайтууга туура келет.

Азия кубогуна Кыргызстан өз тарыхында алгачкы ирет катышууда. 17-азия кубогу Бириккен Араб Эмирлигинде өтүүдө ага Азиядан жалпы 24 команда катышып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо