Гонконгдо мунай ташыган кеме өрттөндү. Фото

Кытайдын атайын башкаруу аймагы болгон Гонконгдун чыгышындагы деңизде мунай ташыган кеме өрттөндү. Кырсыктан бир адам каза таап, 21 киши куткарылды.

Химиялык заттарды жана мунай ташышган Aulac Fortune кемеси Гонконгдун түштүгүндөгү Ламма аралына жакын жерде өрттөнгөн.

Кытайдын жергиликтүү телеканалдардын маалыматына ылайык, кырсыктан кийин үч адам дайынсыз жоголгон. Азыр издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Капыстан өртөнүп кеткен кемеде жалпы 26 адам болгон. Өрттүн келип чыгуу себептери аныктала элек.

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*