Кытайда дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалы башталды. Сүрөттөр

Кытайдын Харбин шаарында дүйнөдөгү эң чоң муз эстеликтер фестивалы башталды. Улуттар аралык фестивалга 10 миллион туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Фестиваль 5-январда башталган. Дагы бир ай уланат. Муздан сарайлар, көпүрөлөр, сепилдер жана эстеликтер жасалган. Ар күнү кечинде эстеликтерге түрдүү жарык берилет.

Быйыл дүйнөлүк муз фестивалы 35чи ирет уюштурулуп жатат. Иш-чарада 600 миң метрдик аймакта 100дөн ашуун муз искусство көрөзмөгө коюлат.

Харбин Кытайдын эң суук шаарларынын бири. -12 градус суука карабай туристтер агылып келүүдө.

Фестивалга дүйнөнүн 12 өлкөсү катышып жатат. Анда 2 миңден ашык аяз кишилер жасалган.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо