Москвадагы мигранттарга патенттин баасы кымбаттады

Орусиянын борборунда эмгек мигранттары үчүн патенттин баасы көтөрүлдү. Кабыл алынган чечим 1-январдан күчүнө киргенин ria.ru жазып чыкты.

Москва шаарынын думасы патент баасын 500 рублга көтөрүү боюнча өткөн жылдын ноябрь айында чечим кабыл алган эле. Анын негизинде мигранттар патентке айына 4500 рублдан эмес, 5 миң рублдан төлөшөт.

Жаңы өзгөрүү Орусиянын борборунда иштеп жүргөн бардык чет өлкөлүктөргө тиешелүү. Анын ичинде Кыргызстандын жарандары да жогорулаган баа боюнча патент алмакчы.

Буга чейин Мосдуманын депутаттары мигранттардын кирешелери көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген мигранттар үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирген.

Депутаттардын белгилешинче, акыркы жылы Орусия борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% өскөн. Буга байланыштуу патент баасын 13%га көтөрүүнү макул табышкан.

Москва облустук думасы да патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рубль болот.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо