Ошто сууга болгон жаңы тариф күчүнө кирди

Ош шаарында жаңырган жылдын 1-январынан тарта таза сууга болгон баа кымбаттады. 

Былтыркы жылдын 26-декабрында кабыл алынган Ош шаардык Кеңешинин токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, таза сууга болгон баа бюджеттик, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканаларда жогорулады.

Жаңы тариф боюнча мекеме-ишканаларда суунун баасы 2 сомдон 7 сомго чейин кымбаттаган. Эң жогорку тариф коммерциялык ишканаларга туура келсе, эң төмөнкү баа бюджеттик мекемелерге коюлган.

Ал эми калк абоненттерине  тариф өзгөртүүсүз калды. Кымбаттоону Ош шаардык суу чарба башкармалыгы эскирген куурларды жаңылоого жана жумушчулардын айлыгын көтөрүүгө жумшалары менен түшүндүргөн.

Буга чейин Ош шаардык суу чарба башкармалыгы таза суунун баасы Кыргызстан боюнча Ош шаарында гана арзан бекитилип калганын белгилеп келишкен. Азыркы тариф өлкөнүн башка аймактарына карап теңелген.

Ош шаарында жалпы 250 миң абонент бар. Анын 2 миңге жакынын бюджеттик, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканалар түзөт.

Автор Т-медиа 11149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*