Ажылык сапарына каттоо башталды. Талаптар

Бүгүндөн баштап ажылык сапарга быйылкы жылы барчуларды каттоо башталды. Ал 31-январга чейин жүргүзүлөт.

Муфтияттан билдиришкендей, ажылык сапарга барчулар облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн дүмүрчөктүн (квитанция) негизинде каттоого алынышмакчы.

Каттоо биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт.

Ажылык сапарга барчуларга коюлган талаптар:

— Ажылыкка бара тургандар  алдын ала 500 АКШ доллар РСК Банкына төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктүн түп нускасы

— Катталуу үчүн кайтарымсыз 700сом төлөмдүн РСК Банкына төлөнгөн дүмүрчөктүн түп нускасы

— Ажыга баруучунун жашаган жериндеги учету 2018-жылдын 10-августунан кем болбоосу шарт

— Биометрикалык паспорт жана тышкы паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү

— Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2020-жылы 31-январь айына чейин бүтүүсү жараксыз

— Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт

— (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт

— №086у формасындагы медициналык тактама

— Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу (Тышкы паспорттунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).

— Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмү жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.

— Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт

— Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөөгө милдеттүү .

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5 510 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 25 орунга көп.

Ажылык сапар — ислам дининдеги беш парздын бири. Зыяратчылар Курман айт майрамын ошол жакта белгилеп, артка кайтышат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо