Көк бөрү: Ташкентте жаңы эреже бекитилди

Бүгүн Ташкентте эл аралык көк бөрү федерациясынын кезектеги конгресси болуп өттү. Анда оюндун эрежелери талкууланып, Казак тарап тайказанды алып салуу маселесин көтөрдү. 

Казакстан көтөргөн тайказан малесеси жыйында каралган жок. Себеби конгресстин күн тартибине киргизилген эмес. Андыктан көк бөрүнүн эл аралык эрежеси Кыргызстан түзгөн эреже тартиби боюнча калды.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиянын субъектилери, Монголия, Ооганстан, АКШ жана Түркия мамлекеттеринен өкүлдөр катышкан. Отурумда ушул жылдын күз айларында көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигин Өзбекстанда өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, ал катышуучулардын колдоосуна алынган. Бирок мелдештин так күнү белгиленген эмес.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Көк-бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовко шилтеме берүү менен маалымат таратууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10449 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо