Орусия мигранттардын бармак издерин алууну көздөөдө

Орусия визасыз кирген мигранттарды дактилоскопия (бармак издерин алуу) жана сүрөткө тартуу аркылуу көзөмөлдөөнү пландоодо.

Ал багытта Орусиянын ички иштер министрлиги атайын мыйзам долбоор иштеп чыгып, быйылкы жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизүүнү көздөп жатат.  Бул боюнча «РИА Новости» басылмасы ИИМдин маалыматына таянып жазып чыкты.

Мыйзам күчүнө кирсе мигранттар Орусияга кирген күндөн тартып 30 күндүн ичиндеги 7 иш күн аралыгында ИИМге билдирме берүүгө милдеттендирилет. Билдирме берүү учурунда мигрант манжаларынын изин тапшырып жана сүрөткө түшүүсү шарт.

Бүгүнкү күндө бармак изин милдеттүү түрдө Орусиядан баш калка сураган, өлкөнүн жарандыгын алып жаткан, убактылуу жашоого же жумушка орношуу уруксатын жана патент алып жаткан чет элдик жарандар тапшырууда.

Буга чейин ИИМдин миграция кызматы бармак издери мамлекеттик чек ара пункттарында же болбосо чет элдик жаран Орусиянын аймагына киргенде тапшырылат деп билдирген болчу.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо