
Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн 351-үйүн куруп жаткан «Эмаком» компаниясы курулушту токтотту. Сулайман-Тоонун буффердик зонасында болгон үчүн шаардын архитектурасы уруксат берген эмес.
Эки тараптуу келишимдин негизинде жаңыланып салынып жаткан үйдүн жашоочулары курулуштун токтотулганына макул эмес. Нааразычылыктарын маалымат жыйында билдирип чыгышты.
Аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Сардалхан Орозматова «Эмаком» курулуш компаниясы эртерээк үйдү бүтүрсө, түйшүктөрү жеңилдерин айтты.
«-Ленин көчөсүндөгү 351- үй 2008-жылкы жер титирөөдөн кийин, жараксыз абалга келген. Ошол убакта биз университеттин жатканасында жашаганбыз. Кийин карасак, бизге көңүл бурган адам жок. Мындан улам ар кандай инвесторлор менен издеп баштадык. Мэриядан да «силер өзүңөр каалаган инвестор менен сүйлөшө бергиле, ошого биз макулбуз» деп айтышкан. Андыктан бизге көп инвесторлор келди. Аларга биздин шарттар туура келбей жатты. Акырында «Эмаком» компаниясынын шарттары бизге туура келди. Ошондуктан биз бул компанияга макул болдук»,-деди Орозматова.
«Эмаком» компаниясынын юристи Сүйүн Турусбек уулу үйдүн мыйзамдуу жагына токтолду.
«-Ленин көчөсүндөгү 351 үй жараксыз деп табылыптыр. Үйдө 40тан ашуун жашоочулар бар экен. Жалпы 100дөй жашоочу бар. Биздин компаниянын бул жерде кызыкчылыгы деле жок. Болгону Сулайман-Тоонун буффердик зонасына туура келет экен. Азырынча канча кабат үй курулуш керек деген эреже жок. 351-үйдү кулатып-көчүрүүгө уруксат алганбыз»,-деди Турусбек уулу.
Курулуш фирманын юристи үй канча кабат болоорун айткан жок. Ал шаардын башкы планга туура келбеген үчүн токтоп турат деп жооп берди.
Маалыматка ылайык, 2009-жылы Сулайман-Тоо тоо ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргенде бир катар талаптар коюлган. Ал талапка ылайык, буфердик зонага үч кабаттан ашкан имарат курууга болбойт.
Сулайман-Тоонун чыгыш жагынан Ак-Буура дарыясына чейин, түштүк тарабынан Рыспай Абдыкадыров көчөсү, түндүк тарабынан Керме-Тоо тараптар буффердик зона болуп эсептелет.
Оставьте первый комментарий