Жардамдашкыла! Милиция жоголгон адамга издөө салды

Ош облусуна караштуу Алай райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон жаранды издөөдө коомчулуктан жардам сурайт.

Милиция Кара-Суу районунун 1975-жылы туулган тургуну Бөрүбаев Алмаз Ысакбаевичди издеп жатат. Ал 2018-жылдын 1-сентябрында  Алай районунун аймагындагы Сары-Таш жайлоосуна чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Кийген кийимдери үстүнө кара куртка, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим. Спорттук шымчан башында кара түстө шапка болгон. Өзгөчө белгилери бетинин сол тарабында тыртыгы бар.

Жогорудагы жарандын жүргөн жериин же ал туурасында маалымат билгендер болсо төмөндөгү телефондорго кабарлап коюңуздарды суранат. 102, 0557 540 030; 0773 039 212.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо