Жээнбеков: айлыктарды көбөйтүү боюнча убадамды аткарам

“Мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көтөрөм деген убадам ырааты менен аткарылат. Врачтардын айлыктары көбөйдү, эми кийинки кезек мугалимдерде”, — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Жээнбеков белгилегендей, биринчи этапта үй-бүлөлүк дарыгерлер, медайымдар, жалпы практикадагы дарыгерлер жана фельдшер-акушердик пункттардын орто медициналык персоналдарынын айлык акысы көбөйдү. Кийинки этапта стационардык медициналык тейлөө кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул багытта Өкмөт Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иштеп жатат.

“Убадаларымдын негизгилери – региондорду өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүргүзүү. Эл үчүн маанилүү дагы бир убадам бар, ал эсимде. Бул – мугалим, врачтардын айлыгын жогорулатуу”, — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, дарыгерлер жана мугалимдердин маянасын көбөйтүү багытында экономиканы жакшыртуу аракеттери жүргүзүлөт. Ал багытта мамлекеттик бюджетке кол салгандарды тыйып, кирешени көбөйтүү жагы колго алынмакчы.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо