Футбол федерациясынын президенти кызматтан кетти

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу футбол федерациянын расмий сайтында жарыяланды.

Семетей Султанов бул кызматка 2012-жылы келип, 4 жылдан кийин 2016-жылы ал бул кызматка экинчи ирет шайланган.  Семетей Султанов кызматтан кетүүгө эч ким мажбурлабаганын жана өз эрки менен арыз жазганын билдирген.

Султанов — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы. Буга чейин федерациянын ишиндеги бир катар маселелерге байланыштуу анын дарегине нааразы пикирлер айтылып келген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо