Кыргызстанда насыя алгандар көбөйдү. Инфографика

Кыргызстанда чакан насыя алгандар мурдагы жылдарга салыштырганда 22%га көбөйгөн. Насыяны эң көп алгандар Бишкек шаары менен Ош облусунда, эң азы Талас облусунда. 

Айыл чарба багытында берилчү жеңилдетилген насыясынын көлөмү да жылдагыга салыштырмалуу өскөн. Былтыркы жылы берилген насыя 2017-жылга караганда 1 миллиарддын тегерегинде көп.

Өткөн жылы өкмөттүн жеңилдетилген насыясы 11 миңден ашык дыйкан-фермерге берилген. Жалпы каржынын суммасы 5,6 млрд сомдон ашат.

Каржы министрлиги 2018-жылы айыл-чарба багытында берилген насыялардын жалпы көлөмүн эсептеп чыккан. Жеңилдетилген кредиттер төмөнкү багыттарга берилген:

 

Өкмөт 2018-жылдын 14-февралында  «Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 5 млрд 816 млн сом болгон пайыздык чендерди жеңилдетүү жөнүндө келишимдерге кол койгон. Анда 11 коммерциялык банк менен келишим түзүлүп, ишке ашырылган.

2017-жылы 10 миң 800 элеттиктер жеңилдетилген насыя алган. Берилген насыялар боюнча төмөнкү графикадан таанышыңыз:

Элеттик өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар 10 пайыздык үстөгү менен 3 жылдык мөөнөткө берилет. “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлору  2013-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо