Ошто жеке ишкер вице-мэрди коркутту. Видео

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевди Кулатов кичи районундагы «Nirvana» кафесинин ээси коркутту. Ал бул сөздөрдү кафенин тосмосун бузуп жатканда айтты.  

«Nirvana» кафесинин аллеянын курулушуна тоскоол болгон бөлүгү сүрдүрүлө баштаганда эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты.

Кафенин ээси Маметургун Маметжанов «таасирдүү адам аркылуу кызматтан кол жууп каласыңар» деп коркутса, мэриянын өкүлдөрү мыйзам боюнча иш алып баратабыз деп айтыша кетишти.

Бирок буга карабай «Nirvana» кафесинин темир тосмосу толугу менен бузулду. Мурдараак маалымдагандай, шаар бийлиги Кулатов кичи шаарчасынын Б.Осмонов көчөсүнүн эки тарабына аллея курууну пландаган. Анын ордунда турган соода жана тейлөө мекемелерин буза баштады. Аллеянын курулушу ушул жылдын апрель айында башталаары айтылган.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо