Тилек Машрапов UFC өнөктөшү TITAN FC уюмунда алгачкы беттешин өткөрөт

MMA мушкери Тилек Машраповдун алгачкы беттеши 25-январда АКШнын Флорида штатында болмокчу.

Кыргызстандык мушкердин атаандашы Америкалык Рико Фаррингтон болмокчу. Ал буга чейин 9 беттеш өткөрүп, анын жетисинде жеңишке жетишкен.

Тилек Машрапов жалпы 12 беттеш өткөрүп анын тогузунда мыкты аталса, калган үчөөндө жеңилип калган.

TITAN FC (Titan Fighting Championships) уюмунда буга чейин Кыргызстандык Рафаэль Физиев да 8 бурчтука чыгып келет. Ал бул уюмдагы беттештеринде бир да жолу жеңилүүгө дуушар боло элек.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо