Футбол: Кыргызстан Түштүк Корея оюнун Катардык калыс тейлейт

Бүгүн футбол боюнча азия кубогунун экинчи айлампасынын алкагында Кыргызстан Түштук Корея оюну болмокчу. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат.  

Беттешти Катардык калыстар тобу  Хаммиса Мухаммеда Аль-Марри тейлешмекчи. Негизги калыс болгон  34 жаштагы Аль-Марри акыркы 9 беттеште 27 сары айып кагазын көрсөткөн.

Ак шумкарлардын экинчи оюну Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарында болмокчу.

Оюнду КТРК Спорт каналы түз алып берүү укугуна ээ болушкан. Кыргызстан буга чейин биринчи айлампада Кытай командасына утулуп калгандыгына байланыштуу азырынча упайы жок. Ал эми Корея биринчи турда Филиппин командасын утуп, үч упайга ээ болгон.

Азыркы учурда “С” тайпасында Түштүк Корея жана Кытай командаларында үчтөн упай бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппин курамалары азырынча упай ала элек.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*