Ош: мигранттын баласы токмоктон каза болду

Ошто  атасы Орусияда жүргөн наристе чоң апасынын токмогунан каза болду. Окуя кечээ, 10-январь күнү катталган жана  наристе 2 жаш 4 айлык болгон. Милиция шектүү катары аялды кармады. Окуяны Ош ШИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Наристени «судороги болуп ооруп жатат» деп Ош облустук балдар ооруканасына наристенин атасынын бир тууган агасы алып келген. Дарыгерлер баланы кароо учурунда ал ооруканага чейин эле каза болуп калганын айтышкан.

Баланын ѳлүмү тууралуу ак халатчандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабар беришкен. Ош ШИИБнын атайын ыкчам- иликтѳѳ тобу  наристенин денесин соттук медициналык экспертизага жиберген.

Соттук медициналык экспертиза наристенин  бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экенин аныктаган.

Шаардык милиция бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы, 1988-жылы туулган К.Б. ны кармап, КР ЖПКсынын 98-беренесинин негизинде Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Аял ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына заара кылган үчүн буга чейин бир нече жолу кол көтөрүп жүргөнүн айткан. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялынын бул жоругун кайталабоо үчүн ортодо жаңжал болуп жүргөнүн билдирген.

Учурда факты боюнча кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту ( Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген, ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Милиция берген маалыматка караганда,  маркум наристенин ата-энеси ажырашып кеткен. Бала атасынын колунда калган. Атасы баланы  карап туруу үчүн бир тууган агасынын колуна тапшырып, өзү Орусияга жумуш издеп кеткен.

Окуяга шектүү аял: фото Ош ШИИБ

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо