Өзүн өрттөйм деген активист президенттен акыйкаттуулукту суранды

Кызыл-Кыя шаардык сотунун жасалма чечими менен камалып, зордук-зомбулук көрдүм деген активист Роза Маманова  президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Ал Баткен обулсундагы аткаминерлердин коррупциялык иштерин ачыктаганы үчүн куугунтукталып,  2017-жылы 36 күн убактылуу камакка алынганын айтты. Буга Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэри Мамыт Ботоев жана учурдагы мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаровдун көрсөтмөсү менен камалганын билдирди.

Мамановага карата Кызыл-Кыя шаардык соту өткөн жылы 1 жылга шартуу кесилсин деген өкүм чыгарган. Ал чечимди Баткен облустук соту да күчүндө калтырган. Макул болбогон активист апелляциялык жол менен жогорку сотко кайрылган.

«Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров, Баткен облусунун губернатору Абиш Калмурзаевдер чоң коррупциялык иштерге аралашкан. Мен булардын кекиртегине сөөк болгонум үчүн  мени жок кылуу үчүн жасалма кылмыш ишин козготту деп ачык айта алам. 15-январда жогорку сотто менин ишим каралат. Актап бергиле деп жазып жатам. Президенке жана башкы прокуротурага менин ишимди адилеттүү карап берүүсүн суранам«-, деди   Роза Маманова.

Маманова Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэри Мамыт Ботоев жогорку сотту 30 миң долларга сатып алдым деп мага айтып жатат. Эгер жогорку сот адилеттүү чечим чыгарбаса акыйкатсыз мамлекетте жашабайм,  ак үйдүн алдында өзүмдү бензин чачып өрттөйм деп кошумчалады.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо