Жалал-Абадда 1 жылда эки миңден ашуун кылмыш катталды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган   ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Кеңешмеге ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов катышты. Алгач Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошов облус аймагы боюнча 2018-жылдын 12 ай ичинде аткарган оперативдүү иш чаралар  тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылдын 12 ай ичинде 2 289 кылмыш катталган. Анын  ичинен 2500 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетин ачуу пайызы 91,4 % түзгөн. ИИМдин орун басары К. Асанов жыл ичинде Жалал-Абад облусундагы бир топ жетишкендиктерди баалап, кетирген кемчиликтерге жол бербөөнү талап кылды.

«- Биздин милдет камоо эмес, коомчулукта тартипти орнотуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу ” ,— деди ички иштер министринин орун басары.

Жыйындын соңунда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын 2018-жылдын 12 айында кылмыштуулуктун алдын алууда, ага каршы күрөшүүдө коомдук тартипти жана атуулдардын коопсуздугун сактоодо аткарган иштери бааланды. Ошондой эле айрым шаар райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн көрсөткүчтөрү каралып оперативтүү кеңешменин жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлерге тартиптик жазалар берилди.

Ага улай, жарандык коомдун кылмыштуулукту алдын алууда ички иштер органдары менен тыгыз жумуш алып барган тургундар ИИМдин ардак баракчалары жана төш белгилери менен сыйланды.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо