Футбол: Кыргызстан Түштүк Кореяга утулду

Кыргызстан Азия кубогундагы экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калды.

Эми «С» тайпасында Кытай менен Түштүк Корея ишенимдүү түрдө Азия кубогунун плей-офф баскычына чыгып алышты.

Кыргызстан курама командасынын кезектеги оюну 16-январда Филиппин менен  болмокчу. Бүгүн Кытай менен Филиппин курамалары ойноп, беттеш Кытайлыктардын пайдасына чечилген. Ошентип Кытай менен Корея курамалары керектүү болгон 6 упай алышты.

Кыргызстан менен Филиппин курамаларында азырынча упай жок.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо