Бишкек-Тегеран аба каттамында учак кулап, 15 адам каза тапты. Видео

Ирандын Тегеран шаарына жакын жайгашкан Сафадашт аймагында  кулап түшкөн Boeing 707 бортунда Кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу «Манас аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Boeing 707 учагы бүгүн эрте менен  Бишкектен Иранга учкан. Анын бортунда 30 тонна эт болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча учактагы 15 адам каза таап, бирөөсү куткарылган.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Boeing 707 учагы Кыргызстанга тиешелүү деп билдирген эле. Ал эми Ирандын тез жардам бөлүмүнүн жетекчиси Pirhossein Kolivand азырынча окуя тууралуу деталдуу маалымат жок экенин билдирген.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо