
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка бүгүн 14-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2014-жылдын дайындалган. Ал 2016-жылдан тарта Кыргызстандын Канададагы элчисинин кызматын кошо аткара баштаган.
Өкмөт өткөн жумада Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Коредагы элчилик кызматка көрсөтүлгөн жаңы талапкерлердин тизмесин Жогорку Кеңешке жөнөткөн.
Пикир калтыруу