Москвада айдоочу эвакуцияланган автоунаасын айдап качып кетти. Видео

Орусиянын борбор шаарында эвакуцияланган автоунааны жүктөлгөн жеринен ээси минип качып кетти.  Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазышууда.

Айдоочу тыюу салынган жерге автоунаасын токтоткон, аны эвакуция кызматы жүктөгөн. Окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан.

Жүктөгөн учурда айдоочу келип, машинасын түшүрүп берүүнү өтүнгөн. Тиешелүү кызмат айдоочудан айып пулду төлөп берүүсүн суранган, ага макул болбогон айдоочу автоунаасын 1 метрдей бийиктиктеги жерден жерге айдап түшүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Маалыматтарга караганда Орусияда автоунааны туура эмес токтоткондорго айып пул 500 рублдан 5 миң рублга чейин салынат.

 

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо