
Оштун Ленин кѳчѳсүндѳгү «Изюм» ресторанына жакын жерде асманга ок чыгарган жарандын өздүгү такталып, анын жанындагы айрым достору милицияга алынып келинди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлагандай, окуяда кылмыштын курамы аныкталып, каттоого алынган.
11-январь күнү интернетке жаш жигиттердин арасында бирѳѳсү белгисиз үлгүдѳгү тапанчадан асманга ок чыгарып жаткан кыскача видео тасма тараган.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя 10-январь күнү болгон. Ош шаарынын 1998-жылы туулган Г.Н. аттуу жарандын туулган күнүн «Изюм» ресторанында белгилешкен. Ал жерден чыгып жол боюнда турганда С.У. аттуу жаран асманга бир нече жолу ок чыгарган.
Азырынча ок чыккан куралдын үлгүсү аныктала элек. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/2010784849008779/
Оставьте первый комментарий