Ошто жол эрежесин бузган айдоочу кармалып, айып пул салынды. Видео

Оштун Р.Абдыкадыров көчөсүндө 13-январда жол эрежелерин бузуп, авариялык абал жараткан «Тайота-Камри» үлгүсүндѳгү автоунааны ээси кармалып айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, айдоочу жол эрежелерин бузгандыгы үчүн коомчулуктан кечирим сурап,  эки беренени бузгандыгы үчүн эки миң сом айып пул төлөгөн.

Автоунаанын ээси 2000-жылы туулган Ош шаарынын  М. М аттуу тургуну болгон. Ал Абдыкадыров кѳчѳсүндѳ чыгыштан батышты кѳздѳй автоунааны жогорку ылдамдыкта арты менен айдаган. Үйлөнүү тойдогу кортеждин катарында болгонун айткан.

Окуянын күбөлөр видеого тартып алып, интернетке жайгаштырган.

Автоунааны кармаган учурда анын арткы номери болгон эмес.

https://www.facebook.com/867504386599595/videos/2206923342958744/

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо