ТИМ WhatsApp аркылуу онлайн кайрылуу кызматын ачты

Кыргызстандын тышкы иштер министрилиги чет жакта жүргөн мекендештерге жардам берүү үчүн күнү-түнү иштей турган онлайн кайрылуу кызматын ачты.

Эми чет өлкөдө жүргөн ар бир кыргызстандык жарандар министрликтин кызматкерлерине WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber аркылуу түз кайрыла алат.

Ал үчүн +996551312000 номерин телефонуна сактап, андан соң министирликтин операторуна кайрылып кеңеш ала алат.

Кызмат ушул жылдын 14-январынан тарта иштей баштады. Жарандар колдоо кызматына билдирүүлөрдү бир гана текст турүндө эмес видео, фото жана аудио түрүндө да жибере алышат.

Министирликтен кабарлашкандай, жарандар колдоо кызматына кыргыз жана орус тилинде кайрыла алышат. Келип түшкөн билдирүүлөргө жооп 30 мүнөттүн аралыгында жөнөтүлөт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо