Жасалма аныктама менен18ге чыга элек кыздарды турмушка бергендер көбөйдү

Кылмыш жаза кодексине 2016-жылдын 17-ноябрында  жашы  18ге жете электер менен  никеге турууга, диний каада жүргүзүүгө тыюу салган жаңы берене киргизилген. Андан бери расмий статистика эрезеге жете электер менен никелешүү фактыларынын азайганын көрсөтүүдө, бирок эксперттер реалдуу көрүнүш башка  деп жатышат.

Жашы жете элек куракта нике кыюу өспүрүмдөрдүн укуктарын бузат. Толукталган  мыйзамга ылайык  18 жашка чейинки адамдар (жигит, кыз)  менен  нике кыюу фактысы катталса, нике кыйган молдо, жубайлардын ата-энелери  жана ага үйлөнүп жаткан жаран  жазага тартылышы шарт.

Бул мыйзам расмий кабыл алынып күчүнө киргенине 2 жылдан ашты  бул жаатта кандай жылыш болду   гендер маселелери боюнча эксперт, “Аялдар Тынчтык Банкы” коомдук фондунун жетекчиси Гульсана Абытованын пикири:

“Мыйзамды ишке ашырууда жылыштар бар, айрыкча аймактарда жергилиткүү бийлик өкүлдөрү колдоого алышкан. Бирок, алыскы аймактарда жашаган көпчүлүк элдерге маалымат  жете элек. Ал эми маалыматтык жараяндар активдүү жүргүзүлгөн жерлерде элдер кыздарын эрте турмушка берүүдөн коркуп калышты десек болот. Ошентсе да көмүскө түрдө эрте никелешүүгө жол берилип жатат, айрым ата-энелер 18ге чыга элек кыздарына гинекологдордон боюнда болуп калды деген жасалма  справканы жасатып алып туруп, жоопко тартылып калбаштын жолун таап  кыздарын  турмушка берип коюшууда. Гинекологдун справкасы бар болгон үчүн айыл өкмөттөр да уруксат берүүгө аргасыз. Мыйзамды жакшы билген расмий имамдар  андай учурда да нике окуудан баш тартып жатышат. Ал эми расмий имам эмес бирок, дин боюнча түшүнүгү, сабаты  бар молдолор жашыруун түрдө нике кыйып коюшууда. Мындай фактылар болуп жатканы тууралуу  жыйындарда гана айтылып расмий маалымат берүүдөн дарыгерлер да, ата-энелер да баш тартып жатышат”.

Мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн эмне кылыш керек? Кимдер менен көбүрөөк иштеш керек?  

 “Гинекологдор тарабынан справкалар берилип жатканы бул өтө жашыруун жүргүзүлүп ачык айтылбай жаткан  фактылар, дарыгерлер биринчиден кичине акчага кызыгып жаткан үчүн болууда. Бирок, негизги фигура бул ата-эне, эгерде алар дарыгерге жалдырап барышпаса мындай нерселер болмок эмес. Бул мыйзамды ата-энелер түптүз кабыл алышып жатышат, аны кандай байкаса болот? Азыр тойлор кыз 18 ге чыккан күнү өтүүдө.   Айыл өкмөттөргө кыздардын аталары тойго уруксат берип койгула деп жалдырап барган учурлары көп экен. Айыл өкмөттөгүлөр “чыдап тургула туулган күнүнө аз калыптыр го”,- деп араң көндүрүп жөнөтүп жатабыз деген маалыматтарды айтышууда. Мындай фактылар ата-энелер кыздарын турмушка берүүгө ушунчалык  шашылып жатышканынан кабар берет. Албетте ата-энелер менен, жаштар менен көбүрөөк иштешип, билимге тартылуу керектигин жайылтуу зарыл болуп турат”.

 Улуттук маалыматтык жараян жүрүүдө.

“Маалыматтык жараян жүргүзүү менен эрезеге жете элек жарандардын  никеге туруусуна  тыюу салуу боюнча мыйзамдын ишке ашуусун колдоо” долбоорун ишке ашырып жатабыз. Долбоор былтыркы жылдын август айында башталган, биздин  “Аялдар Тынчтык Банкы” тарабынан ишке ашырылууда,  өнөктөшүбүз   Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери боюнча Мамлекеттик Комиссиясы. Мындай жараян алкагында аймактардагы диний лидерлерди окутуу, андан соң алардын жардамы менен башка элдерге маалымат таратуу пландалган. Маалыматтык кампания  БУУнун Өнүктүрүү Программасынын  “Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын маргиналдашууга туруштук берүүсүнүн мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу аркылуу жогорулатуу”долбоорунун алкагында, Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин каржысы менен ишке ашырылууда.

Жараян алкагында

“Маалыматтык өнөктүк алкагында өлкөнүн 7 областынан жана эки шаарынан  экиден диний лидерлерди тандап  тренинг өткөзүлүп,  эрте никелешүүнүн зыяны тууралуу  маалымат берилди. Фильмдер, социалдык роликтер көрсөтүлүп ошондой эле китепчелер, материалдар  менен катышуучулар камсыз болушкан. Ал тренингден кийин катышуучулар кыздар -медреселеринде, жума намаз учурунда мечиттерде “Эресеге жете электе никеге туруу -кылмыш” деген темада окутууларды  активдүү өткөзүп жатышат”.

Мааалыматтык жараяндын максаты

 “Маалыматтык кампаниянын максаты бул эрте никелешүүнүн алдын алуу, анын зыяндуулугун элге жеткирүү айрыкча аталарга. 2017 жылы болуп өткөн Улуттук маалыматтык кампанияда окуу жайларда ата-энелер чогулуштарын өктөзүп фильмдерди коюп, баракчаларды таркатып, мыйзамдагы толуктоо-өзгөрүүлөр жөнүндө  айтып бергенбиз. Ал чогулуштарга көбүнчө апалар катышып калган үчүн, бул жолку долбоордо аталарга көбүрөөк маалымат жеткирүүнү максат койгонбуз. Ошон үчүн эркектер көп чогулган жума намаздарда маалымат жеткирүүнү эффективдүү көрдүк. Анын үстүнө диний лидерлердин сөзү да өтүмдүү болгон үчүн, биз дал ошол адамдарды спикер кылып тандап алып иш алып баруудабыз”.

Бул жараян Кыргызстандын 7 областында жана эки шаарында 2019 жылдын февраль айына чейин жүргүзүлөт.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*