ЖК комитети элчиликке көрсөтүлгөн талапкерлерди жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрүнө жаӊы элчилерди дайындоого макулдук берди.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын, Орусиядагы элчилигине Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореядагы элчилигине Динара Кемелованын, АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин талапкерлиги жактырылды.

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине талапкер катары Канайым Бактыгулова сунушталган.  Ал 46 жашта.

Кыргыз, орус, кытай жана англис тилдерин билет.

Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. 

62 жаштагы Аликбек Жекшенкулов Орусиядагы элчилик кызматына көрсөтүлгөн.

Билген тилдери : кыргыз, орус жана англис тилдери

Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

Түштүк Кореядагы элчиликке талапкерлиги көрсөтүлгөн Динара Кемелова 48 жашта.

Ал кыргыз, орус, жапон жана англис тилдерин билет.

Учурда Динара Кемелова тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштейт.

 АКШдагы элчилик кызматына Болот Отунбаевдин талапталапкерлерлиги каралган.  Азыр ал 54 жашта.

Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдерин билет.

Болот Отунбаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп иштеп келет.

Кыргызстан бир катар мамлекеттердеги элчилерин алмаштырууда. Өткөн аптада Тышкы иштер министрлиги Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтүлгөн талапкерлерди Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитетине сунуштаган эле.

 

 

 

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо