9–классты бүтүп окубай койгондорго чара колдонуу сунушталууда

Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Эгер колдоо тапса 9-класстан кийин окубай койгондорго чара көрүлө баштайт. 

Сунушталган мыйзам долбоор 11 жылдык билимди милдеттендирбейт. Мектепти 9 – класстан кийин улантпай калган улан – кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик – техникалык окуу жайларында окутуу зарылчылыгы белгиленген. Демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев.

«9 – класстан кийин 9754 бала орто билим алууну улантпай, кесиптик – техникалык адистикке ээ болууга да жол таппай, көчө өспүрүмдөрүнө айланганын статистикалык эсептер ачыктоодо. Жылдан – жылга бул көрсөткүчтүн өсүп жаткандыгы да өкүнүчтүү. Ошондуктан, мындай абалды ооздуктоо максатында “ Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда»,- деди Канатбек Исаев.

Эгер мыйзамга өзгөрүү киргизилсе кесиптик-техникалык окуу жайлардын базасын жакшыртуу иштерине да көңүл бурулат.  Эл өкүлү ошондой эле билимдин сапатын талап кылаардан мурда, мугалимдердин эмгегин баалоону жогорулатуу керектигин белгиледи.

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*