АКШ менен Түндүк Корея ортосунда дипломатиялык жолугушуулар өтөт

АКШнын борбору Вашингтондо 17 – 18 -январь күндөрү Түндүк Кореянын белгилүү кызматтагы жетекчилердин жолугушуусу өтөт. 

Йонхап агенттигинин берген маалыматында, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын жумушчу партиясынын төрагасынын орун басары Ким Йонг Чол жолугат.

Түштүк Кореянын «Chosun Ilbo» гезити да Ким Йонг Чолдун бейшемби күндөн баштап эки күндүк сапар менен Вашингтонго барарын жазып чыккан.

Помпео жана Түндүк Кореянын жумушчу партиясынын төрагасынын орун басары Кимдин ноябрь айында Нью – Йоркто жолугушуусу пландалып, бирок артка калтырылган.

Трамп менен Ким Чен Ын 2018-жылдын  12-июнунда Сингапурда жолугушуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан  тазаланышы тууралуу келишим түзгөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо