Кыргызстан 3:1 эсебинде Филиппинди утту

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Филиппин өлкөсүнүн курама командасы менен Дубайдагы «Мактум Бин Рашид Аль Мактум» стадионунда беттешти. Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки 19:30да башталып 21:30да бүттү. Жыйынтыгында 3:1 эсебинде Кыргызстан курамасы жеңүүчү болду.

«Кыргызстандын «Ак шумкар» командасынын чабуулчусу Виталий Люкс 3 гол киргизип, оюндун жүрүшүндө өзүнүн мыкты экендигин көрсөттү. Жыйынтыгында Кыргызстан плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Ошондо бир группада 4 команда болсо, анын ичинен эң көп упай алган эки команда плей-оффко чыгат. Буга чейин Кыргызстанда упай болгон эмес. Бүгүнкү оюндан соң Кыргызстан курамасы үч упайга ээ болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол командасы Азия Кубогунда биринчи жолу ойноп жатат. Чемпионаттын финалдык бөлүгүнө Азиядагы мыкты делген 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда. Кыргызстандын футбол курамасы оюндун биринчи турунда Кытай менен беттешип 1:2 эсебинде утулган. Ал эми экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген эле.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо