
Дүйнөлүк рынокто эң акыркы технологиялар менен өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары гана сатылат. Бул атаандаштыкка Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялар жооп бере албайт.
«Орто Азиядагы багбандар» биримдигинин жетекчиси Абдулла Капаров билдиргендей, Кыргызстанда айыл чарба продукциялары өндүрүлгөн жерлердин 70 пайызы химиялык дарылар менен талкаланган. Мындай шартта сапаттуу подукцияларды өндүрүүгө мүмкүн эмес.
Учурда багбандар биримдиги Сербия жана Түркиядан акыркы технологиялар менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 15 сортун Кыргызстанга алып келген. Аны дыйкандарга сунуштап, багбанчылык боюнча окутуу иштерин жүргүзүп жатат.
Капаров кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда химиялык даарылардын ордуна биогумустарды колдонуп, жерлерди органикалаштыруу керек. Андан сырткары Европа өлкөлөрүнөн же Түркиядан сапаттуу көчөттөрдү алып келүү максатка ылайык.
Учурда Кыргызстандын ар бир облусуна 500 миңден ашык айыл чарба көчөттөрү керектелет. КМШ өлкөлөрүндө бизге ылайыктуу сапаттуу көчөттөр жок деп билдирет биримдик багбандары.
Оставьте первый комментарий