Ош облусунда жер силкинди

Бүгүн Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө эрте менен саат 06:29да катталган.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун аймагында жана Өзгөндөгү Чымбай, Кароол жана Мырза-Арык айылдарында  3 баллга, ал эми Өзгөн шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10215 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо