Ошто 14 жаштагы бала өз жанын кыйды

Кечээ, 15-январда саат 19:25 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 14 жаштагы бала ѳз үйүнүн сарайында жипке асынып алган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБнын Сулайман тоо милиция бѳлүмү тарабынан алгачкы текшерүү иш чаралары жүргүзүлгѳн. Анын 17.30 чамаларында асынып алгандыгы тууралуу маркумду чечип алышкан күбѳлѳр билдирген. Жыйналган материалдар Ош ШИИБнын кылмыштардын, жазалардын бирдиктүү реестрине КР жаза кодексинин 136-беренеси (ѳзүн ѳзү ѳлтүрүүгѳ жеткирүү) белгилери менен катталды.

Тергѳѳ амалдарынын алгачкы маалыматтарына караганда, 2005-жылы туулган маркум Ош шаарынын мектептеринин биринде окуган. Буга чейин кѳзүнѳ кандайдыр караандар кѳрүнүп жаткандыгын ата-энесине айткан. Ата-энеси маани беришкен эмес-дейт Ош ШИИБнын маалымат кызматчысы Замир Сыдыков.

Учурда окуя боюнча тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо