Жаңы элчилер дайындалды

Кыргызстандын АКШ, Орусия, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрүнө жаңы элчилер дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-январда кол койгон.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигин Кемелова Динара жетектейт. Ал буга чейин Тышкы иштер министиринин биринчи орун басары болуп эмгектенген.  Кыргыз, орус, жапон жана англис тилдерин билет.

Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Германияда жана Орусияда элчилик кызматында иштеп келген.

Кытайдагы элчиликке 46 жаштагы Канайым Бактыгулова дайындалды. Ал 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Кыргыз, орус, кытай жана англис тилдерин билет.

Аликбек Джекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жекшенкулов мурда Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенген.

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6304 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо