
Азия кубогунда Виталий Люкс мыкты чабуулчулардын арасында 2-орунга көтөрүлдү.
Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Кыргызстан-Филиппин беттешинде атаандаш командага катары менен 3 гол киргизип, мыкты чабуулчулардын катарында 2-орунду ээледи.
Бул көрсөткүч Азия кубогундагы оюндардын жыйынтыгы менен өзгөрүп турат. Мыкты чабуулчулар арасында Өзбекстандык Эльдор Шомуродов да бар.
Өзбек чабуулчусунун эсебинде да 3 гол бар. Ал эми чабуулчулардын эң алдында Катардык Ali Almoez турат, анын эсебинде 5 гол бар.
Пикир калтыруу