Доха-Ош-Бишкек аба каттамы ачылат

Кыргызстан менен Катардын ортосундагы аба каттамы ишке кирет. Өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Макулдашуунун ратификацияланышы Доха – Ош – Бишкек аба каттамынын ачылышына Кыргызстан тарабынан уруксат берет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган. Максаты — Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты жакшыртуу жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашын камсыз кылууга мүмкүнчүлүгүн түзүү болуп саналат.

Аталган макулдашууга кызыкчылыкты арттыруу максатында Кыргызстан менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда учууларды кеңейтүү жөнүндө чечимдин негизинде кол коюлган.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо