
Февраль айында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын орточо көлөмдө жаашы күтүлүүдө.
Кыргыз гидромет кабарлагандай, келээрки айда жаан-чачын айрым аймактарда нормадан аз жааса, көпчүлүк жерлерде орточо көлөмдө жаашы күтүлүп жатат.
Абанын температурасы климаттык нормага жакын болуп -1…-3° суук, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо -4…-7° суук болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1…-3° суук, 0…-2° суук, тоо этектериндеги райондордо -1…-3° суук болушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -2…-7° сууктан -10…-15º суукка чейин, күндүз 0…-5° сууктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Пикир калтыруу