Кара-Көлдө БТА банктын кызматкерлери менен жергиликтүүлөр мушташты

Кара-Көл шаарында жайгашкан “БТА” коммерциялык банкынын инкассатор кызматы менен жергиликтүү тургундар мушташып, автоунаага ок атылган. Милиция окуяны тактады жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Окуя Кара-Көл шаарындагы БТА” коммерциялык банкынын алдында болгон. Аталган “БТА” коммерциялык банкынын 4 кызматкери “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү акча ташуучу (инкассатор) автоунаасы менен баратканда жолдо эки автоунаа тосуп калган.

» —Автоунаанын эки айдоочусу өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей, бир нече эскертүүлөргө карабай, орой мамиле жасашып сөгүнүп жолду бошотуудан баш тартышкан. Натыйжада банк кызматкерлери автоунаасынан түшүп,  кармаша кетишкен учурда, милициянын күзөт кызматкери табелдик куралынан асманга эки жолу эскертүүчү ок чыгарган, алардын автоунаасынын арткы сол дөӊгөлөгүнө бир жолу аткан. Банк кызматкерлери инкассатордук автоунаада ири суммадагы акча каражаттарынын коопсуздугу үчүн окуя болгон жерден чыгып кетишкен,«-деп билдирет Жалал-Абад облустук милициядан.


Жалал-Абад ОИИБ нын тергөө кызматы текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда жергиликтүү тургун, автоунаанын ээси бул окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз доолору жоктугун билдиришкен. Аталган факт катталып, иликтөө чаралары жана Ички иликтөө кызматы кызматкерлердин аракетине карата кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Фото интернеттен алынды. (Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.)


Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо