Картошка дагы арзандашы мүмкүн

Кыш чыгар мезгилде картошканын баасы 4 сомго чейин арзандоо ыктымалы бар. Бул тууралуу монополияга каршы агенттигинин Ош шаарындагы бөлүмүнөн билдирдишти.

Мекеменин билдиришинче, арзандоо картошка кампадан чыккан мезгилге туура келет. Болжол менен 2 сомдон 4 сомго чейин түшөт.

«Эң арзан сатылган убакта картошканын дүң баасы 12 сомдон 13 сомго чейин болгон. Кампалар бекитилгенде 15-16 сомго чыкты. Чекене баада 18 сомдон 20 сомго чейин сатылып жатат. Эми кампалар ачылганда кайрадан арзандап кетүү ыктымалы бар»,- деди жетекчиси Жанболот Айбашов.

Адистердин божомолунда картошканын арзандашы февраль-март айларына туура келет. Буга Түркменстан жана Өзбекстанга картошканын экспорттолбой жатканы да таасирин тийгизгени белгиленүүдө.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо