Президент ипотекалык насыялоо программасынын жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-январда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын  төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекеттик ипотеканы берүүдөгү пайыздык ченди азайтуу, ипотекалык насыяларды берүүнү жакшыртуу маселелери талкууланды.

МИК төрагасы Бактыбек Шамкеевдин айтымында, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык рынокко узак мөөнөттүү ресурстарды киргизүү ишке ашырылууда. Ал ипотекалык насыялоонун 30% түзөт. Өнөктөш банктар аркылуу ипотекалык рынокко кошумча ресурстарды тартуу үчүн ипотекалык баалуу кагаздар чыгарыла баштады.

Мындан тышкары МИК 2019-жылдын апрель-май айларында Нарын жана Бишкектеги эки пилоттук үйдүн курулушун аяктап, аларды кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү механизми катары колдонушат.

Бүгүнкү күндө 11 млн еврого долбоорду каржылап, биринчи фазасы ийгиликтүү ишке ашса, дагы 9 млн евро каржылоого даяр болгон. Немец өнүктүрүү банкы менен иш жүрүп жатат. Бул каражаттар аймактардагы социалдык турак жай курууга жумшалат. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык фонддор жана уюмдар менен МИКтин долбоорлорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо