
Мухаммед Алинин ысымы АКШнын Кентуки шаарындагы аэропортко берилет.
Спорт дүйнөсүндө «бардык учурлардын эң улуусу» деп белгиленген жана легендарлуу боксчу, расизмге каршы мусулман активист Мухаммед Алинин ысымы туулган жериндеги аэропортко жаркын элесине арналып ыйгарылган.
Легендарлуу боксчунун ысымы берилген аба майдан буга чейин Луисвилля деп аталып келген. Аэропорттун башкаруу кеңеши 17-январда өткөн жыйынында аталышын «Луисвилля Мухаммед Али эл аралык аэропорту» деп өзгөртүү чечимин чыгарды.
Эскерте кетсек, узак убакыт өпкө оорусу менен күрөшкөн Мухаммед Али Аризонанын Финикс шаарындагы ооруканада 2016 — жылы 3 — июнда 74 жашында каза болгон. Ал 1942-жылы 17- январда Луисвилляда төрөлгөн.
Оставьте первый комментарий