Алматыда тик учак кулап түштү

Кечээ, 17-январда Алматы шаарына жакын жерде тик учак кулап, учкучу каза тапты.

Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов жергиликтүү маалымат агенттиктерине билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон.

Кулаган учак Sky Service авиакомпаниясынын Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак болгон. Ал «Алатау» санаториясынын аймагына кулаган.

Тик учуктын бортунда бир гана учкуч – аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Ал тез жардам унаасында көз жумган.

Маалыматтарга караганда, Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо