
Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты. Бул кыргыз футбол тарыхындагы маанилүү окуя болуп калды. Өлкө курамасы Азия кубогунда 3 беттеш өткөрдү. Жыйынтыгында «Ак шумкарлар» 3 упай менен плей-офф баскычка жолдонмо алышты.
Азыр күйөрмандар кыргыз курама командасынын жеңишин куттуктап, соцтармактар аркылуу билдирген жылуу маанайлары токтой элек. Алар ар бир оюнчуга мүнөздөмө берип, көк майсандагы кошкон салымын белгилеп жатышат.
Сиз өлкө курамасындагы кайсы оюнчуну өзгөчө белгилейсиз? Сурамжылоого катышып, баалаган оюнчуңузга добуш берсеңиз болот.
Оставьте первый комментарий