
Египеттин 5 шаарында кум бороону жана катаал аба ырайынан улам 5 киши каза тапты.
Жергиликтүү медиада орун алган кабарларга караганда Кефр Шейх шаарында 17-январда катталган кум бороонунда автобус көңтөрүлүп, 4 киши мерт кеткен.
Порт Саид шаарында катуу шамал жана катаал аба ырайынын натыйжасында имараттын бөлүктөрү кулап, 1 киши каза болуп, экөө жаракат алды.
Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Суэц шаарында бир автобустун көңтөрүлгөндүгү жана 27 кишинин жаралангандыгы билдирилди.
Египет расмий агенттиги MENAда берилген кабарда Исмаилиййе шаарында кум бороону жана жаман аба ырайынан улам электр байланышында өрт чыгып, 5 үйдүн күйүп кеткенин кабарлады.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ыңгайсыз аба шарттарынан улам Суэц, Зейтият, Решид жана Буруллус порттору жабылды.
Өзгөчө көрүү аралыгынын кыскарышы менен ыктымалдуу кырсыктарга тоскоол болуу үчүн борбор шаар Каир жана Ес — Саид шаарында негизги жолдор унааларга убактылуу жабылып турат.
Оставьте первый комментарий