Казакстандык фигурист Денис Тенди өлтүргөндөргө сот өкүмү чыкты

Казакстанда Алматынын район аралык соту белгилүү көркөм муз тебүүчү Денис Тенди өлтүрүүгө айыпталгандар эркинен ажыратылды.

Сот Арман Кудайбергенов менен Нуралы Киясовду 18 жылга камады. Алардын шериги 23 жаштагы Жанар Толыбаева болсо кылмыш жөнүндө милицияга билдирбегени үчүн 4 жылга кесилди.

Буга чейин соттолуучулар жасаган кылмыштары үчүн өкүнүп, Денис Тендин туугандарынан кечирим сурашкан эле. Алар автоунааны карактоону гана пландашканын, кимдир бирөөнү өлтүрүү ниеттери болбогонун билдиришкен.

Эске сала кетсек, Денис Тен былтыр 19-июлда бычак жегенден кийин Алматы ооруканасында кансырап каза тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кол салгандар анын машинесинин күзгүсүн уурдоого аракеттенишкен. Ортодо чыккан мушташта спортчуга бычак сайылган. Полиция шектүү эки жигитти жана аларга көмөктөшкөн жаш аялды көп узабай кармаган.

Фигурист Тен 5 жолу Казакстандын чемпиону болуп, Сочи Олимпиадасында коло медаль алган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо