
КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбековдун кызмат ордуна сынак жарыяланды. Буга анын иштөө мөөнөтү аягына чыгып калгандыгы себеп.
Сынакка катышууну каалаган талапкерлер байкоочу кеңештин төрагасынын атына арыз жазышат. Ошондой эле КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин оозеки жана жазуу түрүндө тапшыруусу милдеттүү.
Башкы директорлукка талапкер жогорку билимдүү жана жетекчилик иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес болушу керек. Азыр бул кызматка барчулардын болжолдуу тизмеси атала баштады. Татыктуусуна добуш берсеңиз болот.
Сынактан өткөн катышуучу КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор катары 4 жылга шайланат.
Оставьте первый комментарий