Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо келишими ратификацияланды

Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү келишими ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 17-январда кол койгон. 

Эки өлкөнүн өкмөтү бул келишимге 2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты — мамлекеттер ортосундагы ички жол-жоболорду «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер тууралуу» мыйзамына ылайыктоо.

Мыйзамдын 2-беренесиндеги жогорудагы келишимди ишке ашыруу боюнча казак тарапка маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 10429 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо